Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:32

Түп - Кеген жолунда унаалар тыгынга учурады


9-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу Түп - Кеген жол каттамында кар калыңдыгынан ордунан жыла албай калган унаалардан 13 адамды Караколго жеткиришти. Куткарылгандар арасында үшүккө кабылгандар жок экени кабарланууда. Ушу тапта Каракол-Эңилчек жол каттамында да кардын калыңдыгынан жол кыймылы үзүлтүккө учурап жатат. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG