Линктер

шейшемби, 17-январь, 2017 Бишкек убактысы 09:15

ЕврАзЭШтин Билим берүү боюнча кеңеши жыйын курат


Бишкекте 11-12-ноябрда өтө турган бул жыйында ЕврАзЭШтин билим берүү тууралуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу маселелери талкууланат. Иш-чарага Беларус, Казакстан, Тажикстан жана Орусиядан өкүлдөр катышат. Билим министрлигинен билдиришкендей, Евразиялык экономикалык шериктештиктин интеграциялык комитетинин бул жыйынында ошондой эле 2008-2010-жылдар үчүн кызматташтыктагы алгылыктуу багыттар да аныкталмакчы. ЕврАзЭШтин Билим берүү боюнча кеңешинин башкы максаты – тараптардын билим берүү жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүү жана тереңдетүү. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG