Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:03

Айрым ЖОЖдордо келишим акы 20% көтөрүлдү


Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим жана дене тарбия боюнча комитетинде айтылды. ОшМУдагы студенттердин митингин иликтөөгө алган депутаттык комиссия ЖОЖдун жетекчилиги билим берүү үчүн келишим акынын көтөрүлүшү тууралуу студенттерге алдын-ала маалымат бербегенин ачыктаган. Комитет буга чейин келишим аркылуу окуп жаткан студенттердин келишим акысын көтөрбөө чечимине келип, Билим министрлигине бул маселени карап чыгуу сунушун киргизди. Айрым жогорку окуу жайларында билим үчүн келишим акынын баасы көтөрүлүшүн инфляция менен түшүндүрүшүүдө. Депутаттар айтмакчы, инфляциянын деңгээли келишим акынын мынча көтөрүлүшүнө негиз бербейт. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG