Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:47

М. Бакиев: АКШ-Кыргызстан бизнес долбоорлорун ишке ашырууга даярбыз


Бүгүн, 10 ноябрда Бишкекте, “АКШда бизнес жүргүзүү” деп аталган кыргыз-америкалык конференция ачылып, ага АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татиана К. Гфеллэр, Өнүктүрүү боюнча агенттиктин жетекчиси Максим Бакиев, Мамлекеттик тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн жана эл аралык институттардын өкүлдөрү катышышты. Татиана К. Гфеллэр айым “Бул форум Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосундагы кызматташтыктын чөйрөсүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет”, - деди конференциянын ачылышы учурунда.

Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси Максим Бакиев белгилегендей, Кыргызстан АКШнын Борбордук Азиядагы маанилүү өнөгү болуп калды. Ошол эле учурда, эки өлкөнүн экономика чөйрөсүндөгү кызматташтыгы жетишээрлик деңгээлде активдүү болбой жатат. “Дүйнөдө эң ири болуп эсептелгендигине карабастан, АКШнын экономикасы Кыргызстандын жалпы товар алмашуусунун 2 гана пайызын түзөт. Ал эми түз америкалык инвестициялардын үлүшү өлкөбүзгө келип жаткан инвестициялардын жети пайызынан ашпайт”, - деп белгиледи Максим Бакиев. Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси андан сырткары, “транзиттик ташуулар борборунун ишмердүүлүгүнүн алкагында кызматташтыктын потенциалын толук көлөмдө реализациялоо зарыл.” – деди.

Агенттиктин жетекчиси жаңыдан түзүлгөн ведомство жакынкы аралыкта бир нече долбоорлорду ишке ашырмакчы экендигин белгиледи. Алар: ”Мамлекеттик ипотекалык компания”, “Мамлекеттик лизингдик компания”, “Мамлекеттик микрокредиттик компания”, “Агроазык-түлүк корпорациясынын капиталын көбөйтүү”.

Бул тууралуу президенттин катчылыгынан кабарлашты. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG