Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:49

А. Акаевдин башкы катасы - бийликтен маалында кетпегени


Мындай пикирин “Азаттыкка” “Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев бүгүн 65 жашка чыкты. Аскар Акаев бийликке 1991-жылы келген жана 2005-жылдын 24-мартында күч менен кетирилген. Акаевге үй-бүлөлүк башкарууну орнотту, Кыргызстанды карызга батырды, Кытайга Үзөңгү-Куушту өткөрүп берди деген өңдүү дооматтар тагылып, ал март ыңкылабына алып келген. Натыйжада үй-бүлөсү менен Москвага чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ошол эле мезгилде Акаевдин тарапкерлери аны Кыргызстандын эгемен өлкө катары өнүгүшүнө шарт түзүп берди, экономикасын көтөрдү деп келатат. Мындай пикирин бүгүн “Азаттыкка” Коммерциялык эмес уюмдар ассоцациясынын лидери Токтайым Үмөталиева билдирди. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG