Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Ысык-Көл облусуна жылуулук бир күн кеч берилди



10-ноябрга караган түнү Каракол Чолпон-Ата шаарларына жарым метрдей кар түшкөндүктөн аба кескин муздады.Ошондуктан Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларындагы көп кабаттуу үйлөр 9-ноябрда түн ичинде жылуулуксуз калды. Облустун жылуулук берүү ишканасынын жетекчисинин орун басары Рашид Жолдошалиевдин айтуусунда 10-ноябрдан баштап жылуулук бериле баштады. Калктын жылуулукка болгон карызы 43 млн сомго чыкты. Каракол шаарынан 20 адамдын иши сотко өткөрүлдү. Бул тармак теске салынбаса жылуулук берүүчү техникалык каражаттарды жаңыртуу мүмкүн болбой баратканын адистер белгилеп атат. Бирок жергиликтүү бийликтин токтому боюнча жылуулук кыш бою үзгүлтүксүз берилмей болду..

XS
SM
MD
LG