Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Түндүк жана Түштүк Кореянын аскерий кемелери ок атышты


Окуя бүгүн Сары деңизде, Корей жарым аралынын батыш жээгинде болду. Түштүк Кореянын аскерий өкүлдөрүнүн айтымында, коңшу өлкөнүн күзөттөгү кемеси деңиздеги талаштуу чек араны бузуп, аларды эскертүү ирээтинде ок чыгарууга мажбурлаган. Анын артынан Түндүк Кореянын кемеси ок чыгарды. Түштүк Корея армиясынын Башкы штабынын өкүлү, генерал Ли алар тараптан эч жоготуу болбогонун билдирди:

-Биз эскертүү огун протоколго ылайык чыгардык жана Түндүк Кореянын күзөттөгү кемеси биздин кемени көздөй ок атты. Алар артка биз кайра дагы бир жолу аткандан кийин кайтышты. Жоокерлерибиз арасында жаракат алгандар болгон жок.

Түштүк корей тараптын ырастоосунда, атышуудан Түндүк Кореянын кемеси бир топ зыян тарткан. Бирок алар жоготууга учураган-учурабаганы жөнүндө маалымат түшпөдү.

Түндүк Кореянын борбордук жаңылыктар агенттиги өлкөнүн армиясына шилтеме жасап, Сеул бул “ири чагымы” үчүн кечирим суроосу керектигин маалымдады.

Сеул менен Пхеньяндын кемелери буга чейин деңизде1999, 2002-жылдары кагылышкан болчу.

Бүгүнкү окуянын алдында америкалык “Вашингтон Пост” гезити АКШ президенти Барак Обама өткөн аптада Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан арылтууну максат кылган эл аралык сүйлөшүүлөрдү жандандыруу маселесин талкуулоо үчүн атайын чабарманын Пхеньяга жиберүү чечимин кабыл алганын жазып чыккан эле.

XS
SM
MD
LG