Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Казакстанда кечээги өрттүн себептери иликтенүүдө


Астанада, жер-жемиш сакталган ири кампада дүйшөмбү күнү болгон өрттөн кеминде 14 киши каза тапты. Өрттүн чыгыш себептери азырынча белгисиз. Кампанын өрттөн аман калган жумушчуларынын бири “Азаттык жана Эркин Европа” радиосуна өрттөн улам ири жарылуу болгонун, андан Орусиянын Челябинск шаарынан келген төрт жумушчу ошол замат каза тапканын маалымдады. Өрттөн улам Астананын башкы темир жол вокзалына жакын жайгашкан, аянтты10 миң чарчы метр келген аймак зыян тартты, ал эми өрттөн чыккан түтүн шаардын басымдуу бөлүгүн каптаган. Кырсыктын себептерин иликтеген комиссияны өзгөчө кырдаалдар боюнча министр Владимир Божко жетектөөдө. Келтирилген чыгымды баалоо үчүн өрт болгон жерге казак өкмөт башчысы Карим Масимов келип кетти. Президент Нурсултан Назарбаев өрттөн курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

XS
SM
MD
LG