Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:20

Чочко тумоосунан сактануу үчүн элге медициналык бет каптар берилет



Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу дары-дармектер жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо департаментинен билдиришти. Эртең Кыргызстанга 200 миң бет кап, кийинки аптада 700 миң жана үч апта аралыгында 2,4 миллион бет кап алынып келинет. Эгер алар жетишcиз болуп калса, дагы кошумча алып келүү пландалууда. Кыргызстанда чочко тумоосуна чалдыккан 27 адам катталды. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда иштеп келген жарандар болуп саналат. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG