Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Петровка окуясы боюнча сотто күбөлөр суралууда


“Жашылдар” партиясынын билдиргенине караганда, кечээ болгон сот жараянында Ольга Черных, Людмила Черных, Жамал Үрүмчиева, Майрам Жалпакова, Жуман Орозалиев аттуу күбөлөр суралган. Алардын бардыгы айыпталуучулардын пайдасына көрсөтмө беришкен. Күбө Ольга Черных буга чейин он жолу суралып, он жолу сурактын протоколу толтурулганын, бирок кылмыш ишинде бир гана протокол бар экенин билдирген. Петровка жаңжалы боюнча айыпталган алты кишинин катарында "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, укук коргоочулар Сапар Аргынбаев, Улан Рыскулов бар. Булардан тышкары күрд улутундагы эки, татар улутундагы бир жаран да айыпталууда. 26-апрелде Москва районундагы Петровка айылында чатак чыгып, ал жергиликтүү улуттар ортосундагы араздашууну жараткан.(AzK)

XS
SM
MD
LG