Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Ө.Текебаев: Кыргызстанда референдум болушу ыктымал


“Ата мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин “Азаттыка” билдирүүсүнө караганда, президент Курманбек Бакиевдин кол астында иштегендер жана анын “Ак жол” фракциясы өлүм жазасын киргизүү демилгесин көтөрүп чыгууда. Мына ушуну менен Курманбек Бакиевдин демилгеси менен эки жыл мурун кабыл алынган “Жараткан берген өмүрдү, жараткан гана алат” деген диний жана нравалык постулат бузулуу алдында турат. Өлүм жазасын киргизүү референдум аркылуу гана ишке ашырылышы мүмкүн. Ошондуктан өлүм жазасын киргизүү боюнча референдум жарыяланып, аны менен кошо президенттик мөөнөттү узартуу, президентти парламент аркылуу шайлоо өңдүү өзгөрүүлөр киргизилиши да ыктымал. Референдум болуш мүмкүндүгүн Конституцияга эки айдан бери өзгөртүү жана кошумчалар киргизүу тууралуу долбоорлор парламентке берилбей жатканы да кабар берет.(AiT)

XS
SM
MD
LG