Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Кар алдында калган автоунаанын адамдары аман-эсен


Ысык-Көлдүн Түп аймагындагы Сынташ шамалынан улам кар жаар менен эле күрткүгө айланат. Түп-Кеген жолунун 70-чакырымында, 10-ноябрда кар алдында калган 5 автоунаа да ушул себептен жолдо калган. Жааган кардын калыңдыгы 60 см болуп, шамалдын ылдамдыгы 28 метрге жеткен.Түп районунун акиминин орун басары Валерий Хитхихиндин айтуусунда Каракол шаарындагы куткаруучулардын жардамы менен 13 адам үйлөрүнө жеткирилди. Ден-соолуктары жакшы. Бирок кар тазалоочу 2 техника эски болгондуктан тетиктери сынып калды. Жергиликтүү бийлик кошумча оор техника жана 100 литр күйүүчү май бөлүнөөрүн билдирди. Түп-Кеген жолу Казакстан тарапка да тиешелүү болгондуктан алар да жардым бермей болду.(RB)

XS
SM
MD
LG