Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

Палестиналыктар Яссер Арафатты эскеришти


Палестиналыктар алагчкы президенти Ясер Арафаттын дүйнөдөн кайткандыгынын 5 жылдыгын белгилешүүдө. Рамаллада он миңдеген киши көз карандысыздык үчүн 40 жыл бою күрөшүп келген адамдын урматына Палестинанын желектерин, Фатах партиясынын ураандарын көтөрүп көчөлөргө чыгышты. Арафаттын ордун баскан Махмуд Аббас демонстранттарга жасаган кайрылуусунда, Израил Палестинанын басып алынган жерлеринде конуштарын курууну токтотушу керек деген талабын кайталады. Жөөт өкмөтү тынчтык сүйлөшүүлөрү алдында конуштарды тургузууну токтотуудан баш тартууда. Өткөн жумада Аббас АКШнын сүйлөшүүлөрдү жандантуу аракеттеринен майнап чыкпаса, январга белгиленген президенттик шайлоого өз талапкерлигин койбой турганын эскерткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG