Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Сеул аскерлерин жогорку даярдыкка келтирди


Түштүк Корея аскерлери Сары деңиздеги ок атышуудан кийин жогорку даярдыкка келтирилди. Кечээ Түндүк жана Түштүк Кореянын кемелери атыша кеткен. Бул - соңку 7 жылдан берки эң олуттуу кагылышуу болду. Сеулдун расмий өкүлдөрү ырастаганына караганда, Түндүк Кореянын кемеси олуттуу жабыркады. Түндүк кореялык бир офицер мерт болгону да кабарланды. Түштүк Кореянын кемеси болсо бир нече жерден октон тешилди. Түштүктүн коргоо министри Түндүк Корея өч алууну көздөшү мүмкүн деп билдирди. Анын аралыгында АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон деңиздеги окуя АКШнын Түндүк Кореяга атайын өкүлүн жиберүү чечимине таасир этпейт деди.

XS
SM
MD
LG