Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Маршрутка айдоочуларга чылым чегүүгө тыюу салынат


Декабрдан баштап Бишкектеги кичи автобустардын айдоочуларына иш маалында тамеки чегиүүгө тыюу салынат. Бишкек мэриясынын шаардык унаалар боюнча башкармалыгынан маалымдашкандай, мындай иш-аракеттер коомдук жайларда темеки чегүүгө тыюу салынгандыктан улам көрүлүп жатат. Ошондой эле кичи автобустардын ичинин тазалыгына көбүрөк талаптар коюла баштайт. Азыр Бишкекте эл тейлеген маршруткалардын саны эки миңге чамалайт. Быйылтан тарта шаар бийлиги Кытайдан автобустарды алып келип маршруткалардын санын азайтып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG