Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

Четте багууга муктаж балдар маселесин чечүү керек


Жогорку Кеңеште социал-демократтар фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева чет өлкөлүктөрдүн асырап алуусуна муктаж балдардын маселесин тез арада чечүү керектигин билдирди. Анын айтымында, азыр Кыргызстанда мындай алтымыш беш бала бар жана алардын теңинен көбүнө четтен медициалык жардам керек. Бирок өкмөттүн башка мамлекеттердин өкүлдөрүнө кыргызстандык балдарды багып алуусун чектеген токтомунун айынан бул маселеси чечилбей жатат, дейт Д. Ниязалиева. Мындай токтомго былтыр февраль айында мурунку өкмөт башчы Игорь Чудинов кол койгон болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG