Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:29

Петровка соту боюнча күбөлөр суралууда


“Азаттыктын” Чүй облусу боюнча кабарчысы Жазгүл Жамангулова маалымдагандай, ушул тапта Петровка соту боюнча күбөлөрдү суракка алуу жүрүп жатат. Баш-аягы бул иш боюнча күбөлөрдүн саны 300дөн ашык. Учурда алардын элүүсү суракка алынды.

26-апрелде Москва районундагы Петровка айылында чатак чыгып, ал жергиликтүү улуттар ортосундагы араздашууну жараткан. Петровка жаңжалы боюнча айыпталган алты кишинин катарында "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, укук коргоочулар Сапар Аргынбаев, Улан Рыскулов бар. Булардан тышкары күрт улутундагы эки, татар улутундагы бир жаран да айыпталууда. (AiJu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG