Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Ө.Текебаев Конституциялык сотко кайрылат


Бул тууралуу “Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында, Конституциялык сотко алар партиянын 11-ноябрдагы билдирүүсүнүн негизинде кайрылышат. Билдирүүдө президент Курманбек Бакиев Конституция берген ыйгарым-укуктарынан ашып кеткени белгиленген. Президент тарабынан Конституция жана мыйзамдарды бузуусунун жети фактысын “Ата Мекен” партиясы келтирген. Алардын ичинен Конституцияда каралган Президенттик администрациянын, Мамлекеттик катчы кызматынын жоюлушу, Конституцияда тыю салынган президенттик кызмат менен партиялык ишмердүүлүктүн бирге жүргүзүүсү, өкмөт жөнүндө мыйзамдын бузулуусу көрсөтүлгөн. Иш жүзүндө Президент мамлекеттик бийликти басып алып, конституциялык түзүлүштү өзгөрттү, деп белгиленген билдирүүдө. Президент тарабынан бул билдирүүлөргө азырынча жооп боло элек. (AiT)

XS
SM
MD
LG