Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:38

Б.Бешимовдун депутаттыгын парламент чечет


Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны болуп, анда Социал-демократиялык партиянын чечими каралды. Партиянын саясий кеңешинин чечиминде социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимовдун депутаттык ыйгарымын токтотуу сунушталган. БШК бул маселени карап, Бешимовдун депутаттык ыйгарымын токтотуу маселеси алгач Жогорку Кеңештин Этика жана регламент боюнча комитетинде каралып, андагы чечим негизинде БШКга жөнөтүлүш керектигин белгиледи. Бакыт Бешимов 23-июлдагы президенттик шайлоодон кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Учурда анын АКШда жүргөнү кабарланууда.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG