Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:44

НАТО башкатчысы Ооганстанда жоопкерчиликти өткөрө баштоону көздөйт


Андерс Фог Расмуссен бүгүн Лондондо британ премьер –министри Гордон Браун менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдөн кийин таратылган билдирүүдө айтылгандай, альянс келерки жылдан тарта, шарт - жагдай жол берген аймактарда коопсуздук боюнча жоопкерчиликти ооган күчтөрүнө координацияланган жол менен өткөрө баштоосу керек.

Ал эми британ премьер- министри Гордон Браундун ушул апта башында билдиргенине караганда, анын өлкөсүнүн 9 миң жоокеринин көпчүлүгү жайгашкан Гильменд провинциясында жоопкерчиликти өткөрүү эң эрте дегенде июнь айынан башталуусу мүмкүн. Бирок айрым байкоочулар ооган өкмөтү өтө эле коррупцияланышканын жана жоопкерчиликти алууга азырынча жараксыз экенин белгилешүүдө.

Ооган коргоо министри Абдул Рахим Вардак болсо Кабулдан кабарчылар менен маегинде эгер жергиликтүү күчтөрдүн саны көбөйүп, аларды машыктыруу ири жакшырса, НАТО баштаган эл аралык күчтөр төрт –беш жылдын аралыгында Ооганстандан акырындык менен кетүүгө кирише аларын белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG