Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Барак Обама иш орундарын жаратуу боюнча саммит уюштурат


АКШ президенти бул тууралуу Вашингтондон Азия өлкөлөрү боюнча бир апталык сапарга аттанар алдында жарыялады. Обаманын айтымында, декабрь айына белгиленип жаткан саммитте коомдук жана жеке сектордун эксперттери иш орундарын жаратуучу кыймылдаткычка кайра кантип ээ болуунун жолдорун талкуулашат. АКШ президенти белгилегендей, маалыматтар Кошмо Штаттарда жумушсуздук боюнча жөлөкпул сурап кайрылгандар саны азайганы “жакшы жышаан”, бирок учурда жумушсуз турган миллиондогон адамдарды иш менен камсыздоо анын администрациясынын эң башкы көйгөйлөрүнүн бири бойдон калууда. Барак Обама кошумчалагандай, “тең салмакта” өсүү стратегиясын ал алдыдагы дем алыш күндөрү Сингапурда өтүүчү саммитте Азия –Тынч океан чөлкөмүнүн лидерлери менен талкуулайт.

XS
SM
MD
LG