Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:08

НАТО жетекчиси коопсуздук көзөмөлүн ооган бийлигине өткөрүүнү каалайт


НАТОнун Башкы катчысы Андерс Фог Расмуссен британ премьери Гордон Браун менен Лондондо жолуккандан кийин билдирүү жарыялады. Анда НАТО күчтөрү Ооганстандын коопсуздугу боюнча жалпы жоопкерчиликти ооган күчтөрүнө «ырааттуулук менен» өткөрүп бере башташы керек деп жазылган. Браун мырза ушул аптада Британиянын 9 миң аскеринин көбү жайгашкан Хелманд дубанынан аскер чыгаруу келерки июлда башталышы мүмкүн деген эле. Бирок талдоочулар ооган өкмөтү өтө коррупциялашкан жана иштиксиз болгондуктан, ушул тапта мындай жоопкерчиликти өзүнө ала албай тургандыгын айтышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG