Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

Бишкекте филантропия маданияты боюнча эл аралык жыйын өтөт


25-ноябрда Бишкек шаарында өтүүчү жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Армения, Түркмөнстан жана Тажикстандан өкүлдөр катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Карылардын ресурдук борбору” коомдук бирикмесинен Назгүл Бирбаева билдирди. “Кыргызстанда аз камсыз болгон же кароого муктаж адамдарга каралашуу, кайрымдуулук кылуу аксап турат. Ошол себептүү башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын билүү максатында өткөрүлүп жатат”, - дейт Н.Бирбаева. Жыйында филантропиянын өнүгүшүнө бийликтин, жарандык коомдун жана массалык маалыматтардын ролу да талкууга алынат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG