Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

Депутаттар Бишкекти суу менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун колдоду


Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну жактырышты. Ошондой эле Кыргыз өкмөтү менен Швейцария конфедерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы “Бишкек шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча” долбоорго финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоону колдошту. Эки келишимге тең 2009-жылдын 21-июлунда кол коюлган. Келишимдерге ылайык долбоорду ишке ашыруу үчүн 11,800 млн. евро бөлүнө турган болгон. Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы анын беш жарым миллионун кредит катары, 500 миң евросу грант катары бөлмөкчү. Депутат Гүлнара Дербишева бул гранттарды ачык пайдалануу боюнча Каржы министри Марат Султановго мониторинг жүргүзүү тууралу сунуш киргизди. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG