Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Токтогул районунда окуучу өз үйүндө асынып өлгөн


Облустук ИИБ башчысынын орунбасары Жамалдин Юнусовдун маалыматы боюнча, Токтогул районунда 10-ноябрда 7- класстын окуучусу өз үйүндөгү даракка асынып өлгөн. Aнын ата-энеси уулунун денесин соттук- медициналык изилдөөдөн өткөрүүгө бербей, арыздануудан да баш тартышкан. Баланын өз жанын кыйган себеби белгисиз.

Ж. Юнусов облуста балдар кылмышы токтой электигин билдирди. Мектептерде окуучулардын теңтуштарынан акча талап кылуу, чөнтөк телефондорун уурдоо тыйылган жок. Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштеген милиция кызматкерлери да жетишсиз. Облуста алардын саны 84. (YA)

XS
SM
MD
LG