Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:04

Чочко тумоосуна 37 адам кабылды


Бул тууралуу КР саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы санитардык-эпидемиологиялык борборунун жетекчиси Төлөн Исаков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда оору жуктургандардын көпчүлүгү дагы деле сырттан кайтып келип жаткан мигранттар болууда. Ошол эле учурда аба аркылуу жуктургандар да бар. Орусиядан келген поезддерди текшерүү Кайыңдыдагы станцияда жүргүзүлүп жатат, ал эми Панфилов райондук ооруканасында саламаттыкты сактоо министринин буйругу менен чочко тумоосуна шектелген жарандарды оорусун аныктоо жана дарылоочу түйүн ачылды.

Бүгүнкү күнгө карата чочко тумоосуна каршы дары-дармектер жана башка каражаттар жетиштүү, деп билдирди КР саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы санитардык-эпидемиологиялык борборунун жетекчиси Төлөн Исаков.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG