Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:36

Баалардын көтөрүлүшү жакырлардын көбөйүүсүн шарттайт


Мындай пикирин Бишкек шаар мэри Нариман Түлеев өкмөттүн 12-ноябрдагы жыйынында билдирген. Анын айтуусунда электр энергиясына, жылуулукка жана ысык сууга баалардын 5-10 эселеп көбөйүшү –Кыргызстандын элинин бештен бир бөлүгү жашаган борбор калаада жашагандардын социалдык абалынын начарлашына алып келет. “Азыр биз шаардагы 4 миң кишиге ай сайын 800 сомдон субсидия төлөп жаткан болсок, жаңы жылдан тарта мындай кишилердин саны шыр эле 18 миңге чыгат. Бул деген биздин электр энергиясын, жылуулук жана ысык суу пайдалануучулардын дээрлик 10%. Эл муну көтөрө албайт,” деп айтты Бишкек шаар мэри Нариман Түлеев.(ZKo)

XS
SM
MD
LG