Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

Кабулда жанкечти америкалык аскерий базанын жанында жардыруу жасады


Полициянын билдиргенине караганда, ооган башкалаасынын аэрпортуна жакын жана көбүнесе америкалык аскерлер тарабынан колдонулган ири базанын жанында жанкечтинин бомба жардыруусунан алты адам: үч чет элдик аскер жана үч жөн-жай тургун жаракат алды.

Базанын жанында жанкечти жардыруу жасаганын НАТО күчтөрүнүн маалымат катчысы да ырастады. Кол салуу үчүн болсо Талибан жоопкерчилик алды. Алардын өкүлүнүн айтымында, автоунаа айдаган жанкечти эл аралык аскерлердин кербенин бутага алган.

Ооганстандагы кыянатчылыктардын деңгээли быйыл соңку сегиз жыл ичиндеги эң жогорку чекке чыкты жана акыркы айларда согушкерлер ооган борборунда бир нече кол салууларды жасашты.

XS
SM
MD
LG