Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Кубаныч Жолдошев адвокат жалдады


Журналисттин “Азаттыкка” билдиргени боюнча ага адвокатты БУУнун Бишкектеги адам укуктары комитети жалдап берди.
К. Жолдошевдин сабалышына байланыштуу козголгон кылмыш иши тууралуу азырынча маалымат жок. Буга чейин бул иш боюнча журналист түшкөн таксини токтоткон МАИ кызматкерлери сурак бергени кабарланган эле. К. Жолдошевдин айтуусунда МАИ кызматкерлерине эскертүү берилген.

“Ош шамы” басылмасынын кабарчылар түйүнүнүн башчысы К. Жолдошевди 1-ноябрь түнү белгисиз бирөөлөр сабап кетишкен. Натыйжада журналист баш мээси чайкалып, ооруканага түшкөн. К. Жолдошев муну кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырууда. Кыргызстанда жыл башынан бери журналисттерге 7 кол салуу катталган. Көз карандысыз журналист Алмаз Ташиев милициянын тепкисинен каза болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG