Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:05

Евробиримдикте рецессия аяктады


Европанын экономикасында Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң терең рецессия бүгүн расмий аяктады жана Европа Биримдиги 15 айга созулган төмөндөөдөн соң өсүүгө кадам таштады. Быйылкы жылдын үчүнчү чейрегинин бүгүн жарыяланган расмий жыйынтыктары учурда еврону пайдаланган 16 өлкөдө экономика 0,4%га өскөнүн көргөздү. Ал эми биримдиктин баардык 27 өлкөсүн алганда өсүш 0,2%ды түзгөн. Бирок бүгүн жарыяланган бул көрсөткүчтөр экономисттердин көбү болжолдогондой чоң эмес жана жекече алганда Евробиримдик өлкөлөрүнүн баары эле рецессиядан чыга элек. Маселен Испаниянын экономикасы быйыл үчүнчү чейректе да төмөндөгөн.

XS
SM
MD
LG