Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Ысык-Көл: эс алуу жайлардан салык 1,5 млн. сомго аз жыйыналды


Туристтик сезондун жыйынтыгы быйыл бир айга кеч жыйынтыкталды. “Аврора” эс алуу жайы жайкы эс алууну ырааттуу өткөргөнү үчүн мыкты болуп аныкталды. Бирок жер салыгын жылдагыдан 5 млн. сомго аз төлөдү, себеби бир канча гектар жери Бишкектик фирмага сатылып кетиптир Ысык-Көл райондук салык инспекциясынын башчысы Нурмат Шамбетов эс алуу жайлардан быйыл жылдагыдан бир жарым миллион сомго аз жыйналганын билдирди. Курорттук болуп эсептелген бул районго быйыл 344 миң эс алуучу келип, өткөн жылдан 40 миңге аз болгон. Статискалык башкармалыктын башчысы Артистбек Жанаков “Ак Данис”, “Охотный двор”,”Дельфин деЛюкс”, сыяктуу ондогон чоң эс алуу жайлары түшкөн кирешесин ачыктабаганын сынга алды. Өрткө каршы күрөшүү кызматтары “Ак Бермет”,”Береке”, “Саякат” эс алуу жайларында коопсуздук сакталбагандыктан өрт чыкканын маалымдашты.(RB)

XS
SM
MD
LG