Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

АКШ президенти жана жапон премьери алаканы тереңдетүүнү убада кылды


Барак Обама менен Юкио Хатояма Токиодогу бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө коопсуздук чөйрөсүндөгү байланыштарды, Ооганстандагы кырдаалды, өзөктүк куралды жайылтпоого, климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан маселелерди талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдөн кийинки маалымат жыйынында эки лидер алар АКШ менен Жапониянын 50 жылга созулган биримдигин кайра кароого киришерин да билдиришти.

Ал эми Ооганстан маселесинде, Барак Обама белгилегендей, жапон өкмөт башчысы алар АКШ менен бирге иштешерин айткан:

-Мен жана премьер-министр биздин Ооганстан жана Пакистан боюнча кызматташтыгыбызды да талкууладык. Биздин Ооганстандагы биргелешкен жарандык аракеттерибизди колдоо үчүн алдыдагы беш жылда 5 миллиард, ага катар Пакистанга 1 миллиард доллар ажыратуу жөнүндө чоң милдеттеме алганы үчүн мен жапон элине жана премьер-министрине ыраазычылык билдирдим.

Барак Обама АКШ Ооганстанга кошумча миңдеген аскерлерди жиберер- жибербесин жакын арада жарыялары күтүлүүдө. АКШ баштаган коалициянын Ооганстандагы күчтөрүн Инди океан аркылуу күйүүчү май менен камсыздоону токтоторун жарыялаган Жапония, бирок аскерий эмес жардам убада кылды.

Жапония - Азия боюнча бир апталык сапарга чыккан Барак Обаманын алгач токтогон өлкөсү. Эртең ал Токиодо АКШ менен Азиянын алакасы жөнүндө сөз сүйлөйт. Андан соң Азия –Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Сингапурга жол тартат. Президенттик кызматка киришкенден берки биринчи Азия сапарынын алкагында Барак Обама Кытай менен Түштүк Кореяга да барат.

XS
SM
MD
LG