Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:05

Жаштар бийликке кайрылуу жолдойт


«Кебел» жаштар клубу жана башка жаш активисттер электр кубатына жана жылуулукка тарифтин жогорулашына нааразылык билдирип, бийликке кайрылуу жолдогону жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган клубдун мүчөсү Мирзат Ажиев билдирди. “Чындыгында жаңы өкмөт келип эле элдин мүдөөсүн байкабай туруп тарифтерди кескин жогорулатып салды. Биз абдан нааразыбыз. Жаштардын арасында көп талкуулар жүрүп жатат. Тарифтердин жогорулашы менен азык-түлүк, тамак-аш, жол кире акысы да көтөрүлүп кетиши ыктымал. Ошондуктан биз бул багытта өзүбүздүн үнүбүздү угузабыз”, - дейт М.Ажиев.“Кебел” жаштар клубу жакын арада ушул теманы тегерек үстөл үстүндө талкуулоону пландап жатат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG