Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:42

А.Мусаева: Тарифтердин кымбаттаганын көптөрү түшүнбөй жатат


Кыргызстандагы майып аялдар коомунун жетекчиси Асипа Мусаева мындай оюн “Азаттыкка” электр кубатына жана жылуулукка баалардын көтөрүлүшүнө байланыштуу билдирди. “Жылуулук үчүн кандай гана акча төлөнөт экен. Эми кандай турмуш болот? Коомдун мүчөлөрү мен Бакиев болгонсуп түнү менен мага телефон чалып, уктатышкан жок. Мага кыйкыргандары да болду”, - дейт А.Мусаева. Анын айтымында, айрым үчүнчү топтогу майыптардын жөлөк пулу болгону 350 сом жана алардын жеңилдиктери да алынып салынган.
Кыргыз өкмөтү 12-ноябрда өткөн жыйынында жаңы жылдан тарта электр кубатынын баасын эки эсе, ал эми жылуулуктун наркын 5-10 эсеге көтөрүү тууралуу чечим кабыл алган болчу. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG