Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Б.Мамбетов: Баардыгына бирдей тариф болгону туура эмес


Энергетика боюнча эксперт Базарбай Мамбетов “электр кубатына тарифтердин көтөрүлүшү менен уурдоолор дагы эки-үч эсе өсүшү мүмкүн”, - деген оюн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, электр энергиясындагы жоготууларды 10-15 пайызга түшүрүп, анан тарифти жогорулатса туура болмок. “Тарифти көтөрүш керек болчу, бирок мындай темпте эмес. Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрү тарифтерди жогорулатты, биз артта калдык дегени – суу кечпеген шылтоо болуп жатат. Өзбекстанда электр энергиясындагы жоготуу көлөмү 5 пайыздан ашпайт. Ал эми Тажикстанда бул тармакта жоготуулар 14 пайыз экенин айтып жатат”, - дейт Б.Мамбетов.
Ошондой эле ал тарифтин бардыгына 1,5 сом болушун туура эмес деп ойлойт. “Өндүрүштө, коммуналдык чарбада иштегендерге, шаарда жашагандарга жана айылда жашагандарга башка тариф болушу керек. Бул башка өлкөлөрдүн практикасында бар. Тилекке каршы, биздин ага мүмкүнчүлүгүбүз жок. Кадр потенциалыбыздын акылы ошого жетпей, аны кабыл ала албай койдук. Антпесек өзүбүздү өзүбүз камсыз кылуу режимине келе албайбыз”, - дейт эксперт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG