Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Ошто чочко тумоосу беш жашар кызга жабышты


Ош шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Аман Нуралиевдин айтымында, калаанын беш жашар тургуну Надира Тажибаеванын эти катуу ысыгандыктан, 10-ноябрда жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган. Кечээ анализдин жыйынтыгы бөбөктүн чочко тумоосуна кабылгандыгын бышыктады. Учурда жаш кыздын абалы анчалык оор эмес. Адистердин белгилешинче, Надиранын ата-апасы Орусияда иштешет, өзү чоң энесинен колунда тарбияланчу, бала бакчага барчу эмес. Ошондуктан, А/H1 N1 вирусун кимден жана кандай жагдайда жуктуруп алгандыгы иликтенүүдө. Буга чейин түштүк борборунда А/H1 N1 вирусун жуктуруп алгандар катталган эмес. Чочко тумоосуна кабылган кишилердин саны Кыргызстанда 37ге жетти. (ATo)

XS
SM
MD
LG