Линктер

жекшемби, 22-январь, 2017 Бишкек убактысы 12:28

Кыргызстанга H1N1 вирусуна каршы дары-дармек келет


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан Тамифлю, Реленза сыяктуу вируска каршы медициналык каражаттар чочко тумоосунун алдын алуу жана анын адам өмүрүн алган кесепеттерин жоюу максатында бөлүндү. Бул тууралуу аталган уюмдун тумоодон коргоону программасынын кызматкери доктор Никки Шиндо Женевада журналисттерге билдирди. Мындай гуманитардык жардам алган өнүгүп келаткан өлкөлөргө Азербайжан, Беларус, Кыргызстан, Ооганстан, Украина, Монголия кирет.

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө расмий маалымат боюнча 32 адам чочко тумоосу менен катталса, дарыгерлер оорулуулардын саны 37ге жеткенин айтышууда. Ош шаарында 5 жашар кыздан H1N1 вирусу аныкталды. (GA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG