Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:09

Карызын төлөбөй качып жүргөндөр эми сыртка кете албайт


Мындай маалымат Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаевден алынды. Жогорку Кеңеште "Сот аткаруучунун ишмердиги жөнүндөгү" мыйзамга толуктоо иретинде мыйзам долбоору кабыл алынып, Президенттин кароосуна жиберилди. Эгер долбоор Президент тарабынан жактырылса, соттун чечими менен карызын төлөөгө тийиш болгон жарандарга карыздан кутулмайынча өлкө аймагынан чыгууга тыюу салынат. Буга көзөмөлдүктү Чек ара кызматы аткарат.

Сот Департаментин маалыматы боюнча азыркы убакта карызын төлөбөй качып жүргөн 859 адамга издөө жарыяланган. Бирок алардын канчасы өлкөдөн чыгып кеткендиги тууралуу так маалымат жок. Карызын төлөбөй качып жүргөн адамдарга сыртка чыгууга чек койгон мындай мыйзамдык чектөөлөр коңшу Казакстан менен Орусиянын тажрыйбасында бар. (GA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG