Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Сингапурда АТЭК уюмунун саммити аяктады


Уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери дүйнөлүк экономикадагы өсүштү камсыз кылуу үчүн эл аралык экономикалык интергациянын жаңы моделин түзүүгө чакырышты. Саммиттин жыйынтыктоочу билдирүүсүндө белгиленгендей, дүйнө глобалдык кризис басаңдай баштаган шартта кайра эски жолдорго кайта албайт. АТЭКке мүчө өлкөлөр экономикадагы жандануу бекемделмейинче аны стимулдаштыруу боюнча саясатты карманууну убада кылышты.

Биргелешкен билдирүүдө ошондой эл аралык сооданын эркин жана ачык системасын түзүү, экономикада туруктуу жана тең салмактуу өсүштү камсыздоо, протекционизмге каршы туруу, коррупция менен күрөшүү, жакырчылыкты кыскартуу зарылдыгы да белгиленген. АТЭКтин Сингапурдагы саммитине 20дан ашуун өлкөнүн лидерлери катышты.

XS
SM
MD
LG