Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Төлөмдөрүн жогорулашы ДБнын басымы менен болду


“Фергана.Ру” маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, кыргыз өкмөтү электр жана жылуулук кубатына төлөмдөрдү кескин көбөйтүүгө Дүйнөлүк Банк койгон талаптардан кийин мажбур болгон. Аталган эл аралык каржы уюмунун өкүлдөрү Бишкекке 31-октябрдан 4-ноябрга чейин келип кетишкен.

Дүйнөлүк Банк эгер кыргыз өкмөтү электр жана жылуулук кубатынын бааларын аны өндүрүүгө кеткени чыгымга жакындатса, анда Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук борборлорун оңдоп-түзөө үчүн төрт миллион АКШ долларын берүүгө убада берген. Бул убада кылынган каражаттын жарымы грант түрүндө, калган бөлүгү карыз иретинде берилмекчи. Ошондой эле төлөө мүмкүнчүлүгү аз адамдарга көмөк көрсөтүү максатында Кыргызстанга 30 миллион доллар берүү жагы каралып жатат.

Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга үстөксүз негизде 40 жылга чейин дагы 10 жылга узартуу мөөнөтү менен бүгүнкү күнгө чейин 857 миллион доллар карыз берген. (GA)

XS
SM
MD
LG