Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

АТЭК уюму жаңы экономикалык стратегияга чакырды


Азия, Тынч океан аймагынын лидерлери дүйнөлүк өсүштү кепилдөө үчүн эл аралык экономикалык интеграциянын жаңы үлгүсүн түзүү керектигин билдиришти. Сингапурда өткөн саммитинде алар глобалдык кризис жеңилдеген менен, ишкерлер мурдагы калыптанган жолго кайра түшө албастыгын эскертишти. Алар кайра жандануу ишенимдүү жолго түшкөнгө чейин, өкмөттүк стимулдаштыруу чараларын улантууга сөз беришти. «Күчтүү, келечектүү, тең салмактуу глобалдык экономикалык өсүш жетишилгенге чейин, коомдун бардык катмарлары, анын ичинде аялдар менен майда ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, айлана-чөйрөнү жакшыраак коргоо, өнүгүүнү колдоо менен бирге, жакырлык менен күрөштү улантуу зарыл» деп эсептешет АТЭКтин лидерлери. Саммитке 20дан ашык мамлекет жана өкмөт башчылары, анын ичинде АКШ менен Орусиянын президенттери катышты.

XS
SM
MD
LG