Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:19

"Ата Мекен" калкты каршылык акциясына чакырат


“Ата Мекен” саясий партиясы бүгүн калкка жана жарандык коомго кайрылуу жолдоп, анда элди өз кызыкчылыгын коргоого, массалык каршылык акциясын өткөрүүгө чакырганы атат. Бул тууралуу “Азаттыкка” партия лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Оппозициячыл лидердин пикиринде, электр менен жылуулук кубатына баанын кымбатташы элдин жана экономиканын кызыкчылыктарына каршы келет:

- Чет элдик алармандын капчыгынын камын азыртан ойлоп (балким ал чет элдин беткабын кийген кыргызстандык эле олигарх болушу мүмкүн), аларга пайдалуу шарт түзүп берип, арзаныраак карматып, үстөгүн чөнтөккө салуунун амалын ойлоп атышат.

Оппозициячыл саясатчынын пикиринде, азыркы президент Курманбек Бакиев дүйнө өзгөргөнүнө карабастан, эски схема менен иштеп, Дүйнөлүк Банктын айтканын жасап жатат.

Өткөн аптада кыргыз өкмөтү жылуулук жана электр кубатына баанын жаңы тарифин бекитти. Ага ылайык, 2010-жылдын 1-январынан баштап жылуулукка жана электр кубатына баа эки эседен он эсеге чейин жогоруламай болду. Буга өкмөт бир катар негиздерди келтирүүдө. (BuS)

XS
SM
MD
LG