Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:20

Электр энергиясынын баасы бекитилди


КР өкмөт башчысы Д. Үсөновдун жардыгына ылайык 2010-жылдын 1-январынан тарта калк, өнөр жай, айыл чарба тармагы баары 1 кВт саат электр кубаты үчүн 1 сом 50 тыйындан төлөй башташат. Токтогул району, райондогу насостук станциялар, Кара-Көл шаарынын жанындагы Жазы-Кечүү айылы жана Кара-Көл шаары 10 тыйындан төлөшөт. 2010-жылдын 1-июлунан тарта калк, өнөр жай тармагы, насостук станциялар 1 кВт саат электр кубаты үчүн 1 сом 90 тыйындан төлөшөт. Бул төлөмдөн айыл чарба тармагы бошотулат, аталган тармак 1 сом 50 тыйындан төлөй берет. Ал эми Токтогул району, райондогу насостук станциялар, Кара-Көл шаарынын жанындагы Жазы-Кечүү айылы жана Кара-Көл шаары үчүн 1 кВт саат электр энергиясы 15 тыйынга түшөт.

Ал эми жылуулук менен ысык суунун баасы жаңы жылдан тарта эки эсеге кымбаттайт. Азыр ысык суу менен жылуулукка 1 гигакалория үчүн 507,5 сом төлөп жаткан шаардыктар 1-январдан тарта 1050 сомдон төлөшөт. Келерки жылдын 1-июлунан тарта бул көрсөткүч 2500 сомго чыгат. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

КР өкмөтү электр энергиясы, ысык суу жана жалуулуктун баасын көтөрүү боюнча алгачкы чечиминде ысык суу менен жылуулуктун баасы 2010-жылдын 1-июлунан тарта азыркы баасынан 10 эсе кымбаттай тургандыгын маалымдаган.(ZKo)
XS
SM
MD
LG