Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:45

Балыкчы окуясы боюнча сот кайра Балыкчыда уланат


Президенттик шайлоо күнү Балыкчыдан камакка алынып, 4 айга чукул абакканада отургандардын иши 24-ноябрда уланаарын Балыкчы шаардык сотунан кабарлашты. Бирок соттолуучулардын жактоочусу Асантур Молдогазиев бул мыйзамга каршы келээрин айтып, Жогорку Сот өтүнүчтөрдү карамайынча бул иш токтотулганын белгиледи.

Бул окуя боюнча соттолуп аткан 19 адам 10 жолку соттук териштирүүдөн кийин судья Б. Дүйшөмбиевге ишенбөөчүлүк келтирип, ишти башка сотко өткөрүп берүү өтүнүчү менен 7-октябрда облустук сотко кайрылган. 4-ноябрда облустук сот өтүнчтөрдү канаатандырбагандыктан жактоочулар менен менен айыпталуучулар Жогорку Сотко кайрылган эле.

23-июль күнү президенттик шайлоого тоскоол болду, баш аламандык уюштурду жана Конститутцияга каршы чыкты деген айып менен айыпталгандар коюлган күнөөлөргө макул эмес. (RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG