Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

И. Исаков: Мага коюлган айыптар- бийликтин саясаты


Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков өзүнө коюлган айыптар боюнча болуп жаткан сотто бүгүн көрсөтмө берди. Ал өзүнө коюлган үч айыпты тең четке кагып, мунун баары -бийликтин атайын жүргүзгөн саясаты деп билдирди. Коргоо министрлигиндеги курал-жарактар боюнча башкы башкармалыктын башчысы Таалай Сатыбалдиев да бүгүн көрсөтмө берди. Ал дагы И. Исаковдун аскер техникаларынын жоголушуна тиешеси жок деп сотко маалымдады. Анын айтуусунда 2007-жылы бир гана техника “КамАЗ” автомашинасы сатылган, ал дагы өкмөттүн чечими менен ишке ашырылган.

И. Исаковдун соту эки күндөн кийин уланмай болду.

Мурдагы коргоо министри И. Исаковго кызмат абалынан пайдаланган, Жаңы жыл, 8-Март майрамын, 29-май аскер күнүн майрамдоого акча бөлгөн, Балыкчы аскер бөлүгүнөн аскердик техникаларды саткан, өзүнүн уулуна коргоо министрлигине тиешелүү үйдөн батир берген деген айыптар коюлуп, Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши И. Исаков президент К. Бакиевдин мамлекетти башкаруу саясаты менен макул эместигин билдирип, Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынан өз каалоосу менен баш тарткандан кийин козголгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG