Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

“Ата Мекен” партиясы Кыргызстан элине кайрылды


Партия кайрылуусунда электр менен жылуулук кубатына баанын кымбатташы элдин жана экономиканын кызыкчылыктарына каршы келет деп белгилеп, элди өз кызыкчылыгын коргоого, өкмөттүн баа саясатына каршы массалык каршылык акциясын өткөрүүгө чакырган. Кайрылууда айтылгандай партия элди өзүнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн саясий митингге эмес, социалдык-экономикалык талаптар менен массалык акцияга чыгууга чакырууда. “Азыркы президент К. Бакиев 2002-жылы өкмөт башчы болуп иштеп турган мезгилде эле бардык энерго тармактар сатылат жана тарифтер 7 центке чейин көтөрүлөт деген меморандумга кол койгон, президент жакыр адамдарга бөлүп жаткан “200 сом” эл жаңы баага көнгөнгө чейинки алдамай карыз акча. Бул карыз акчаны да эл -өзүбүз кайтарууга туура келет,” деп айтылат партиянын кайрылуусунда.

Айрым саясатчылар бийликтин тариф саясатын оппозиция жылаңач сындаганынан пайда жок, элди ишендирип, артынан ээрчитүү үчүн оппозиция альтернативдүү экономикалык программа иштеп чыгышы керек деп айтышууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG