Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Ирандын Бушер АЭСи быйыл жыл соңунда ишке киргизилбейт


Бул тууралуу бүгүн Орусия тарап жарыялады. Өлкөнүн энергетика министри Сергей Шматконун бүгүн кабарчыларга айтканына караганда, бул техникалык себептерге байланыштуу. Ирандын түштүгүндө курулуп жаткан Бушер АЭСинин ишке киргизилүүсү ушуну менен бир нече ирээт кийинкиге калтырылып келди. Эки өлкө ортосунда түзүлгөн жана наркы 1 миллиард долларга эсептелген келишимге ылайык, Орусия былтыр станцияга өзөктүк отун жеткирүүнү аяктаган. Аталган станциядагы курулушту болсо Орусия АКШ баштаган батыш өлкөлөрүнүн Ирандын өзөктүк программасы өзөктүк бомба жасоого багытталган деген тынчызданууларына карабай улантып келди.

XS
SM
MD
LG