Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:28

Ооганстанда полиция бекетине кол салынган


Окуя өткөн түнү өлкөнүн түштүгүндөгү Кандагар провинциясында болгон. Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, согушкерлердин тобу полиция бекетине бир нече багыттан кол салган. Атышуу бир нече саатка созулду. Натыйжада үч полицей мерт болуп, бир нечеси жаракат алган. Кол салгандар арасында жоготуу бар же жок экендиги белгисиз. Ал эми коңшу Пакистандын Ооганстан чек арасынан анча алыс эмес Пешевар шаарында автоунаа айдаган жанкечтинин жардыруусунан 4 адам каза таап, 20дан ашууну жаракат алды. Кабарларга караганда, бутага Пешевардын чет жакасындагы полиция бекети алынгандай. Жардыруудан полиция имараты, мечит жана дүкөн зыян тарткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG