Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

БУУнун аялдар укугу боюнча баяндамачысы Кыргызстанда


Бириккен Улуттар уюмунун аялдарга карата зомбулук көрсөтүү маселелери боюнча атайын баяндамачысы Рашида Манжунун Кыргызстанга болгон иш сапары жыйынтыкталды. Иш сапары учурунда ал кыргыз өкмөтүнүн, парламенттин өкүлдөрү, укук коргоочулар жана зомбулуктан жабыркагандардардын өздөрү менен жолугушкан. Кыргызстандагы аялдардын укуктары жаатындагы абал менен толук таанышкан баяндамачы жакын арада өзүнүн иш сапарынын жыйынтыктары туурасында баяндамасын кыргыз өкмөтүнө жана БУУнун адам укуктары боюнча кеңешине жолдойт. Анда аялдарга карата жасалган зомбулуктар, алардын себептери жана көйгөйдү чечүү боюнча сунуштар камтылат.

Рашида Манжу БУУнун аялдар маселеси боюнча атайын баяндамачысы болуп 2009-жылдын июнь айында 3 жылдык мөөнөткө дайындалган. Ал көз карандысыз мүнөздө иш алпарат. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG