Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Аскар Акаев Бишкектеги үйү үчүн кабатыр


Кыргызстандын мурдагы президент Аскар Акаев Бишкектеги өзүнө караштуу турак үйү туурасында билдирүү таратты. Анда ал бийлик тарабынан анын мүлкүн басып алуу аракети көрүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөндүгүн билдирген. Конституция боюнча экс-президенттин мүлкү кол тийбестикке ээ экенин белгилеген Аскар Акаев бул маселеде бийликтин иш аракетитинин Конституцияга каршы келээрин эскертип, бийликтен мыйзамсыздыкка жол бербөөнү талап кылган.

Аскар Акаевдин китепканасы делген имарат боюнча соттун бардык баскычтарында иш каралып, Жогорку Сот анын бир бөлүгүн мамлекеттин карамагына өтсүн деген чечим чыгарган. 15-сентябрда мамлекеттик органдын өкүлдөрү мурдагы президент Аскар Акаевдин китепканасы делген имаратка келип, андагы буюм-тайымдарды эсептеп, мөөр басып кетишкен. Экс-президенттин тарапкерлери муну баскынчылык катары баалашкан эле.

Мурдагы кыргыз президенти 2005-жылдын 24-мартында элдик толкундоодон улам Кыргызстандан бозгунга чыгып кеткен. Ушул тапта ал Орусияда байырлайт. (AzK)

XS
SM
MD
LG